Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 141
Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн Поворот участкасындагы жана Шорсуунун боюнда жайгашкан Квасюк кѳчѳсγндѳгγ жана Шагым айылындагы турак жайлардын ээлерине жер участкасын бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн Поворот участкасындагы М. Горький, Алапаков, А. Датка, Досматов, А. Камчыбеков кѳчѳлѳрγнγн жер кыртыштары суу деңгээли кѳтѳрγлγп жабырланган турак жайлар жана Шорсуунун боюнда жайгашкан Квасюк кѳчѳсγндѳгγ жана Шагым айылындагы турак жайлардын ээлерине жашоого коркунуч туудурууда. Ѳзгѳн районунун Ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча комиссиясынын 14.02.2015-жылдагы актысынын негизинде коопсуз жайга кѳчγрγγ максатында тургундарга жер участкасын бѳлγп берγγ жѳнγндѳгγ масепени карап,талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн Поворот участкасындагы М. Горький, Алапаков, А. Датка, Досматов, А. Камчыбеков кѳчѳлγрγнγн жер кыртыштары суу деңгээли кѳтѳрγлγп жабырланган турак жайлар жана Шорсуунун боюнда жайгашкан Квасюк кѳчѳсγндѳгγ жана Шагым айылындагы турак жайлардын ээлерине 387-контурдагы 7,0 га, № 118-контурдагы 0,48 га, бардыгы болуп 7,48 га. жер аянты бѳлγнγп берилсин.
2. Ѳзгѳн райондук архитектурадан керектγγ болгон документтерди жана иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
3. Бѳлγнγп берилген жер аянтына болгон укуктуу каттоо жагы Ѳзгѳн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынан суралсын.
4. Керектγγ иш кагаздарын даярдап бγтγрγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысыЖ.Н. Калбаевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер,мелиорация, турак жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Ахунов |