Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № 150
Кγн тартибиндеги Куршаб айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Куршаб айылынын № 1980 контурундагы 1,0 га жер аянтына спорткомплексин куруу тууралуу маселени угуп, талкуулап Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезексиз ХХV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Куршаб айылынын башкы планында кѳп кабаттуу γйлѳрдγ куруу γчγн калтырылган 1,0 га. жер тилкесинин ордуна АРИС программасынын долбоордук сунушунун негизинде спорт комплексин куруу γчγн жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешеси бар райондук, областтык кызматтардын корутундулары даяр болгондон кийин макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешеси бар райондук, областтык кызматтардын корутундуларынын негизинде керектγγ иш кагаздарын даярдап бγтγрγγ жана уюштуруу жагы Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ж.Н. Калбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдордун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер, мелиорация, турак жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Т.Х. Ахунов |