Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 6
Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине статьялар аралык жылдыруулары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70629 – ЖКХ бөлүмүнөн 31113290 – башка курулмаларды алуу жана куруу беренесиндеги 323,0 миң сомду, ушул эле бөлүмдүн 22154900 – ар түрдүү чыгымдар беренесиндеги 140,0 миң сомду.
2. 70111 – башкаруу бөлүмүнөн 22211100 – учурдагы оңдоолор беренесиндеги 100,6 миң сомду, жалпы 564,0 миң сомду жаңы бала бакчанын эмерек-буюмдарын сатып алууга, 70911 – балдар бакчасы бөлүмүнө 31123210 – эмеректерди алуу беренесине жылдырылсын.
3. 70629 – ЖКХ бөлүмүнүн 31113290 – башка курулмаларды алуу жана куруу беренесинде калган 376,6 миң сом акча каражатын Ленин аймагындагы жашоочулардын эс алуу паркын реконструкциялоо долбооруна айыл өкмөтүнүн салымы үчүн жылдырылсын.
4. 70911 – бала бакча бөлүмүнүн 31112290 – беренесиндеги бала бакчанын курулушу үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 450,0 миң сом акча каражатын долбоорго айыл өкмөттүн салымы катары кошууга макулдук берилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |