Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 10
Жыгач-Коргон айылындагы мурунку кырман ээлеген 0,60 га жер участкасы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөт башчысы Мурзаканов Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин XXVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыгач-Коргон айылында жайгашкан мурунку кырмандын орду болгон 0,60 га жер участкасы Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында аукцион аркылуу сатылсын.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Ч. Мурзакановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана бюджеттик туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Төрага | Б. Токтосунов |