Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 30-апрели № 5
"Покровка айылдык аймагынын Жайыт комитетинин 2014-жыл үчүн түзүлгөп иш-планын бекитүү жана Покровка айылдык аймагынын Жайыт комитетинин башчысынын кайрылуусу жөнүндө"
Покровка айылдык аймагынын Жайыг комитетинин 2014-жыл үчүн иш-планынын жана бюджетин бекитүү жана Покровка айылдык аймагынын Жайыт комитетинин башчысынын (М. Жолдошев) Суусамыр жайлоосундагы Суусамыр суусунан малчылардын мал айдап өтүүлөрү үчүн курулуп жаткан көпүрөгө каражат бөлүү максатынла жазган кайрылуусун Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү оө алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-бер. талаптарына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын Жайыт комитетинин 2014-жыл үчүн түзүлгөн иш-планы жана бюджети бекитилсин.
2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралардып аткарылышын колго алуу жагын Жайыт комитетинин башчысына (М. Жолдошов) милдеттеидирилсин.
3. Суусамыр жайлоосундагы Суусамыр суусунан малчылардын мал айдап өтүүлөрү үчүн курулуп жаткан көпүрөнүн курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Тиешелүү акча каражатын бөлүштүрүп. Жайыт пайдалануучулар комитетинин банктагы атайын эсебине которуу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысына (К. Жунусбаев) тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына (А. Кермалиев) милдеттендирилсин.
Төрага | Г.А. Садырова |