Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 6
Ачык соодалоого коюлуучу жер аянттары жөнүндө
Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жеке менчикке сатуу жана ижарага берүү максатында ачык соодалоого (аукционго) коюу учун Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесиннн 5-пунктун жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги төмөндөгү жер аянттары жеке менчикке сатуу максатында ачык соодалоого (аукционго) коюлсун.
- Покровка башталгыч мектебинин спорт аянтчасы 7000 кв. м. - Чакан футбол стадионун куруу үчүн.
- Покровка айылындагы футболдук стадион менен "Арал" кафесинин ортосундагы 7000 кв. м жер аянты - каток, теннистик корт ж.б. спорттук курулмаларды куруу максатында.
- Покровка айылындагы Ажыбек-Датка жана М. Кояшев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 126 кв. м. -соода түйүнү үчүн.
- Покровка айылындагы Р. Жолдошев көчөсүндөгү Тегирмендин күн чыгыш жак бетинен 168.75 кв. м. - Автосервис куруу максатында.
2. Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги төмөндөгү жер аянттары ижарага берүү максатында ачык соодалоого (аукционго) коюлсун:
- Покровка айылындагы Р. Жолдошев жана Ажыбек-Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги 20 кв. м. жер аянты - соода павильонун коюу үчүн 2016-жылга чейин ижарага берилсин.
- Покровка айылындагы Р. Жолдошев жана Ажыбек-Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1.5 кв. м. жер аянты - рекламалык шит коюу үчүн 5 (беш) жылга ижарага берилсин:
- Покровка айылындагы М. Кояшев жана Ажыбек-Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1.5 кв. м. жер аянты - (паннонун жаңы) рекламалык щит коюу үчүн 5 (беш) жылга ижарага берилсин:
3. Жер аянттарын ачык соодалоого коюуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизинде жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер. турак жай. коммупалдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисине (А. Бердикеев) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрагасы | Г.А. Садырова |