Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын 11-сессиясы

 

2014 – жылдын 30-апрели № 7

Покровка айылдык аймагына караштуу коомдук алдын алуу борборуна материалдык жардам берүү жөнүндө

Манас райондук мамлекеттик администрациясынан келген каттарды карап. талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин талаптарына ылайык Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас райондук мамлекеттик администрациясынан 2014-жылдын 9-январындагы № 01-24/9 сандуу коомдук алдын алуу борборуна матсриалдык жардам берүү жөнүндө келген катынын негизинде Покровка айылдык аймагынын коомдук алдын алуу борборуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берилсин:

2. Покровка айылдык аймагынын коомдук алдын алуу борборуна, керектүү материалдарын эсептеп сметанын негизинде каражат бөлүү жаты, айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы. айылдык кеңештин алдындагы бюджет комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.А. Садырова