Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 8
Жайыт категориясындагы жер аянттарын башка багыттагы жер аянттарына которуу боюнча картгага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Покровка айылдык аймагына караштуу калктуу конуштардын чет жакаларындагы жайыт жерлер боюнча 1991-жылдагы түзүлгөн картага өзгөртүү киргизилбей, мурда колдонууга берилип кеткен жер аянттары (калктуу конуш, курулушка, таш короонун (кыштоо) ж.б.) жайыт категориясында калып келгендиги эске алынып. башка багыттагы жерлердин категориясына которуу маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1991-жылдагы түзүлгөн картага өзгөртүү киргизилбей мурда колдонууга берилип кеткен жер аянттары жалпы 775,9 га, (калктуу конуш, курулушка, таш короонун (кыштоо) ж.б.) жайыт категориясынан жеринде тактоо менен айыл чарба багытындагы башка жерлер категориясына которуу боюнча картага өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунан суралсын.
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.М. Базакечовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Г.А. Садырова |