Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 10
Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине Покровка айылдык аймагынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө
'"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын № 6004, № 6005, № 6006, № 6007, № 6008, № 6009, № 6010 участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиялардын резервине өкүлдөрдүн тийиштүү документтери Манас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын:
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына (А. Кермалиев) милдетгендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |