Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 11
Жайыт категориясындагы жер аянттарын башка багыттагы жер аянттарына котору жөнүндө
Жергиликтүү тургундардын курулуш материалдарына болгон муктаждыктарын эске алып, Покровка айылдык аймагындагы кум, топурак, кум шагыл алуу максатыпда жайыт категориясынан башка багыттагы жерлердин категориясына которуу маселесин Покровка айыл аймагыныи айылдык кеңеши таткуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагындагы төмөндөгү жер аянттары:
Бала-Саруу айылындагы № 974-коптурдагы 1.7 га топурак № 978-контурдагы 1.3 га топурак. Бала-Саруу айылындагы № 986-контурдагы 5.0 га кум, Жайылган айылындагы № 279-контурдагы 5.0 га топурак, "Жорго" каналынын сайындагы №1047-контурдагы 2.1 га шагыл жана ошондой эле № 2 таалачылык станын жанындагы Л\Л 003-контурдагы 3.5 га. Кырк-Казык кыштоосундагы № 1072-контурдагы 0.10 га. № 1073-контурдагы 0.10 га. №1087-контурдагы 0.20 га. Апмалы кыштоосундагы № 1-контурдагы ыргалдуу жайыттагы 0.50 га. Сөгөт кыштоосундагы № 12-контурдагы 0.20 га жер аянттары жайыт жер категориясынан башка жерлер багытындагы жерлердин категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик геология жана жаратылыш ресурстар агенттигинен көрсөтүлгөн контурдагы жер аянттарынан кум, шагыл, топурак жана кум шагыл карьерлерин ачууга тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.М. Базакечовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы (З. Алтымышбаев) милдеттирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |