Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 12
Бала-Саруу спорт залы жөнүндө
2013-жылы курулушу бүткөн Бала-Саруу айылындагы спорт залды Бала-Саруу орто мектебинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылы курулуп бүткөн Бала-Саруу айылындагы спорт зал Бала-Саруу орто мектебинин карамагына өткөрүп берилсин.
2. Имараттын материалдык инвентардык баалуулуктарынын сакталышын көзөмөлдөө жагы Бала-Саруу орто мектебинин директору З.К. Маркашовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |