Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 14
Жеке менчик үлүш жерлерге малдардын кирип жаткандыгына байланыштуу айыл акы салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу калктуу конуштардагы жеке менчик улуш жерлерге жана кожолуктарга малдардын кирип, дыйкандарга көп зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу айыл акылардын салынышы жана айыл акылардын өлчөмүн бекитүү боюнча элдик жыйындардагы айыл тургундарынын суроо талаптарынын негизинде Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик мал ээлерине: Покровка айыл аймагына караштуу калктуу конуштардагы жеке менчик үлүш жерлерге. кожолуктарга, мүрзөлөргө жана парк-скверлерге малдардын кирип, көп зыян келтирип, талкалап жаткандыгына байланыштуу 1-апрелден баштап 20-октябрга чейин малдарын киргизүүгө тыюу салынсын.
2. Жеке менчик үлүш жерлерге, кожолуктарга, мүрзөлөргө жана парк-скверлерге малдардын кирүүсү катталса, айып акылар төмөндөгүдөй өлчөмдө салынсын:
- Бодо мал (уй, торпок) жана жылкылар (кулун-тай) үчүн - 1000 сом:
- Кой-эчкиге (козу-улак) үчүн - 250 сом.
2. Жеке менчик мал ээлерине Жазгы талаа жумуштарынын башталгандыгына байланыштуу 2014-жылдын июнь айына чейин малдарды милдеттүү түрдө алыскы жайыттарга (тоого) чыгаруу жагы эскертилсин.
3. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Покровка айыл өкмөт башчысына (Т. Базакечов) тапшырылсын.
Төрайым | Г.А. Садырова |