Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 15
Кол тийген акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесин (өзгөчө кырдаалдардын ачдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү) жетекчиликке алып Өзгөчө Кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу үчүн жана ошондой эле Жарандык Коргоо Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен кол тийгис акча каражаты кароо маселесин Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө Кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу үчүн жана ошондой эле Жарандык Коргоо Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120 000 (жүз жыйырма миң) сом кол тийген акча каражаты каралып банк эсебинде сакталсын.
2. КЭБнун башчысы К. Жунусбаевге 120 000 (жүз жыйырма миң) сом кол тийген акча каражатын банк эсебинде сактоо жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комиссиясынын башчысы С. Көчөрбаевге тапшырылсын.
Төрайым | Г.А. Садырова |