Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 16
М-1 каналынан жүргүзүлгөн - жер астындагы суу түтүкчөлөрү жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 01-24/338 сандуу катынын негизинде, "Бала-Саруу-Т" СПАсынын директору О. Бекмурзаевдин Покровка айылдык аймагына караштуу М-1 каналынан жүргүзүлгөн жер астындагы суу түтүкчөлөрүн "Бала-Оруу-Т" СПАсынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүмүн жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 31-мартындагы № 55 сандуу буйругу менен түзүлгөн комиссия курамынын 2014-жылдын 9-апрелиндеги АКТсынын негизинде. Покровка айылдык аймагына караштуу М-1 каналынан жүргүзүлгөн жер астындагы суу түтүкчөлөрү "Бала-Саруу-Т" СПАсынын балансына өткөрүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кеңештин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |