ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын 11-сессиясы
2014-жылдын 30-апрели № 20
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 32-беренесинин талабына ылайык Покровка айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларга өзгөртүү киргизип, кайтадан бекитүү маселесин Покровка айылдык кеңеши карай жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 32-беренесинин талабына ылайык Покровка айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялар төмөндөгүдөй бекитилсин:
БЮДЖЕТ КОМИССИЯСЫ:
- О. Кочербаев, Т. Маматаев, Э. Доелотов. А. Дербишалиев, М. Молдобаев.
МЫЙЗАМДУУЛУК КОМИССИЯСЫ:
- Н. Алымбеков, З. Буркутбаев, С. Курманбаев, А. Абазбекова.
АГРАРДЫК КОМИССИЯ:
- З. Алтымышбаев. Н. Назеков. Ж. Дуйшалиев. Б. Жунусов. Б. Мураталиев.
СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КОМИССИЯ:
- Д. Калмухамедова. М. Жайчыбеков, М. Жакыпбеков. Б. Сатишев.
2. Покровка айылдык кеңешинин алдындагы кайтадан бекитилген туруктуу комиссияларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өз ыйгарым укуктарынын негизинде иш алып баруулары тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрайым | Г.А. Садырова |