Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июлу № 22
Покровка айылдык аймагындагы калктуу конуштардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Покровка айылдык аймагындагы калктуу конуштардагы аты жок көчөлөргө ат коюу максатында, айыл тургундарынын кайрылууларын каран жана талкуулап Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде, Покровка айылдык аймагына караштуу калктуу конуштардагы аты жок көчөлөргө төмөндөгүдөй ат коюлсун:
Покровка айылындагы аты жок көчөлөр:
- № 40-контурда жайгашкан үч көчө Байбек Ата. Бопина Көчөрбаев, Келечек атындагы көчө болуп аталсын.
- № 844-контурда жайгашкан бир көчө Эркинбек Жакыпов атындагы көчө болуп аталсын.
- № 798-контурда жайгашкан төрт көчө Кермалиев Бакбол, Бабыр, Тайлак жана Эркиндик атындагы көчө болуп аталсын.
Бала-Саруу айылындагы аты жок көчөлөр:
- Назаралиев Смайыл, Бекмурзаев Жумагул жана Сатыбалдиев Төрөгелди атындагы көчө болуп аталсын;
Жайылган айылындагы аты жок көчөлөр:
- Муракимов Танкий, Ашыркулов Балтабай жана Алимов Акылатындагы көчө болуп аталсын.
2. Покровка айылдык аймагына караштуу калктуу конуштардагы мурунку ат коюлган көчөлөр тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |