Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июлу № 24
Боз үй алуу жөнүндө
Покровка айылдык аймагында өткөрүлүүчү ар кандай мааракелерде колдонууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир даана боз үй маселесин Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагында өткөрүлүүчү ар кандай мааракелерде колдонууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир даана боз үйүн тиешелүү шаймандары жана керектүү буюмдары менен алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Сапаттуу боз үй алып, максаттуу пайдаланылышына жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |