Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июлу № 25
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Умарбек Молдобаевдин кызы Молдобаева Кристинанын ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдөн операция жасатууга материалдык жардам берүү боюнча жазган өтүнүч катын Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну Умарбек Молдобаевдин кызы Молдобаева Кристинанын ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдөн операция жасатууга материалдык жардам берүү боюнча жазган өтүнүч катынын негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. КЭБнун башчысы К. Жунусбаевге бөлүнгөн акча каражатын У. Молдобаевдин банктагы атайын эсебине которуп берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |