Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июлу № 26
Алыскы Суусамыр жайлоосунда өтүлүүчү малчылардын майрамына каражат бөлүү жөнүндө
Суусамыр жайлоосунда өтүүчү малчылардын майрамында (слётунда), малчылапга баалуу белектерди, сыйлыктарды алууга жана сый тамактарын уюштурууга керектелүүчү каражаттарды эсептеп жана талкуулап, Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 2-августунда Суусамыр жайлоосунда өтүүчү малчылардын майрамында (слётунда), малчыларга баалуу белектерди, сыйлыктарды алууга жана сый тамактарын уюштурууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. КЭБнун башчысы К. Жунусбаевге тиешелүү акча каражатын бөлүштүрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрайымынын opун басары А. Кермалиевге милдеттепдирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |