Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июлу № 28
Кара-Арча айылында салынып жаткан спорт залга каражат бөлүү жөнүндө
Кара-Арча айылында салынып жаткан спорт залды толук бүткөрүп, ишке берүү максатында. жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүштүрүү маселесин Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Арча айылында салынып жаткан спорт залды толук бүткөрүп, ишке берүү максатында. жергиликтүү бюджеттен 100000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. КЭБнун башчысы К. Жунусбаевге тиешелүү акча каражатын сметанын негизинде бөлүштүрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары А. Кермалпевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |