Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 30
Демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө
Покровка айылынын тургуну, Азиянын чемпиону-Жанарбек Кенжеевге демөөрчүлүк жардам берүү маселесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну, Азиянын чемпиону - Жанарбек Кенжеевге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам берилсин.
2. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы К. Жунусбаевге каражат бөлүп берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |