Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 32
Б.М. Сатишев жана Э. Сакабекова жөнүндө
Покровка айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын депутаты Болотбек Мухамедович Сатишевтин муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө'" мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык. депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жана 8 мандаттуу № 2 Покровка шайлоо округунан детутаттыкка талапкер Гүлжамал Элемановна Сакабекованы Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына каттоо маселесин Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын депутаты Болотбек Мухамедович Сатишевтин муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык. депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Детутаттыкка талапкер Гүлжамал Элемановна Сакабекова 8 мандаттуу № 2 Покровка шайлоо округунан көп добуш алып, кезекте тургандыгына байланыштуу Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына катталсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзеөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрайым | Г.А. Садырова |