Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 33
Демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө
Покровка айылынын тургуну "Кыргыз күрөшүн колдоо фонду" Коомдук фондусунун директору Т. Мазиевдин кайрылуу катынын негинде 2014-жылдын 18-19-октябрында Манас районун Жийде айылында өткөрүлүүчү Улуттук кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи абсолюттук чемпион) Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун "Байгесине" жана кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын 1-Абсолюттук чемпионатынын 40 жылдык мааракесине арналган 7-Эл аралык мелдешин өткөрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү маселесин Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 18-19-октябрында Манас районун Жийде айылында өткөрүүучү Улуттук кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи абсолюттук чемпиону Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун «Байгесине» жана кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын 1-Абсолюттук чемпионатынын 40 жылдык мааракесине арналган 7-Эл аралык мелдешин өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берилсин:
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат бөлүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы. айылдык кеңештин алдындагы бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |