Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 34
Ачык соодалоого коюлуучу жер аянттары жөнүндө
Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жеке менчикке сатуу жана ижарага берүү максатында ачык соодалоого (аукционго) коюу үчүн Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги төмөндөгү жер аянттары жеке менчикке сатуу максатында ачык соодалоого (аукционго) коюлсун:
- Покровка айылындагы мурдагы Сүт товар фермасынын (СТФ) административдик имараты:
- Покровка айылындагы мурдагы Сүт товар фермасынын (СТФ) түштүк жак бетинде жайгашкан водокачканын орду 7000 м. кв. жер аянты менен:
- Покровка айылындагы "Афган интернационалистер сейил багынынын" алдындагы 250 м. кв. жер аянты;
- Р. Жолдошов көчөсүндө жайгашкан "Газпромнефтьазия" май кую станциясынын түндүк жак бетиндеги бош жаткан 210 м. кв. жер аянты:
- Мурдагы "Кара-Арча" колхозунун май кую станциясынын түштүк жак бетиндеги 1500 м. кв. жер аянты кампа куруу максатында:
2. Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги төмөндөгү жер аянттарын ижарага берүү максатында ачык соодалоого (аукционго) коюлсун.
- Покровка айылындагы 1-май көчөсү менен Керим Аке көчөсүнүн кесилишинен жеңилдетилген типтеги курулманы, соода түйүнүн куруу максатында 5 (беш) жылга ижарага берилсин.
2. Жер аянттарын ачык соодалоого коюуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизинде жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисине (А. Бердикеев) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |