Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-декабры № 37
Бала-Саруу айылындагы жаңы көчөгө Макенов Төлөгөндүн ысымын берүү жөнүндө
Бала-Саруу айылынын тургуну Т. Надырбековдун жана айыл тургундарынын Макенов Төлөгөндүн ысымын Бала-Саруу айылындагы жаңы көчөгө ыйгарып берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап, Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагына караштуу Бала-Саруу айылындагы аты жок жаңы көчө Макенов Төлөгөн атындагы көчө болуп аталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Базакечовго милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |