КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-августу № 24/126
Кыргыз Республикасынын граждандык абалды автоматташтырылган каттоо маалыматтык системасынын Кыргыз Республикасынын бирдиктүү рээстрине киргизүү тууралу Кош-Дөбө айыл аймагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» № 45 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 45 жана 19 декабрь 2014-жылдагы № 175 жана 11-март 2014-жылдагы № 124 токтому Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде типтүү келишими бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат оордун келишим штаб бирдигин акча каражатын мөөнөтүнөн кечиктирилбей жана ар кандай материалдык командировкалык чыгымдарды өз убагында төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын каттоо департаментинен суралсын.
Төрага | А. Байташов |