Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 19/1
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 4-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылдык округдук кеңешинин депутаттарынын 1-уюштуруу сесиясында жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында жана Ылай-Талаа айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйынын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2016-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктары үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндө токтомун угуп талкуулап
Ылай-Талаа айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин. 2016-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ийри мүйүздүү - 1 баш үчүн 40 сом
Кой –эчкилер 1 - баш үчүн 10 сом
Жылкылар 1 - баш үчүн 40 сом
Сырттан малына кошуп алгандар үчүн
Ийри муйуздуу 1- баш үчүн 80 сом
Кой – эчкилер – 1 баш үчүн 20 сом
Жылкылар – 1 баш үчүн 80 сом
2. Эгер сыртан келген мал жандыктар жайыт комитети менен келишим түзбөй уруксаты жок жайлоого алып чыкса айып пул салуу жагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде чечилсин. .
3. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн пайдалануу үчүн жайыт участоктор үчүн жер салыгын жайноо жана келип тушкон каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдетти жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 5000 сом ( беш миң) сом. Эсепчисине 3000 ( үч миң) сом . Инспектор үчүн 2000 мин сом өлчөмүндө эмгек акылары бекитилсин.
5. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жайыт жердин аянты пайдаланган жер аянтка жер салыгы үчүн 5,52 сомдон бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Б. Сейдаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |