Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 19/2
Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды таза суу менен камсыз кылууда айылдык таза суу комитетинин (СООПВ) 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында элдин таза суу менен камсыз кылууда айылдык таза суу комитетинин (СООПВ) башчысы Б. Конурбаевтин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа суу комитетинин башчысынын 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иши айрым кемчиликтери менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы калкка таза суу жеткирүү максатында инвестиция тартуу аркылуу иштеп жаткан долбоорлор боюнча физикалык өлчөмдө каралган жумуштарды аягына чыгаруу менен калкты ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго жана СООПВ башчысы Б. Конурбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У. Ажимаматов ) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |