Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 16/5
Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим беруу мекемелеринин окуучуларынын тамак-ашын берүүдөгү түзүлгөн шарттарынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айыл аймагындагы мектептерде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Ылай-Талаа айылдык кеңешинин торагасынын орун басары А. Мусаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылаймагындагы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын тамак-ашын берүүдөгү түзүлгөн шарттары боюнча аткарылган иштеринде жетишкендиктер менен кошо айрым кемчиликтерге жол берилгендигин эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчиликтерди четтетүү жагын колго алуу аркылуу окуучуларга берилүүчү тамак-аштын сапатына жана колдонуучу азык-түлүктөрүнүн мөөнөүнө дайыма көзөмөл жүргүзүп туруу жагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык округунун кеңешинин билим, саламаттыкты сактоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Т. Намашанов) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |