Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 16/4.1
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларды сактоочу жайларды белгилөө жөнүндө
Ылай-Талаа айы өкмөтүнүн жер, жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчик боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу Исаев Бакыттын экология турак жай комуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Конурбаев Бердали Ылай-Талаа айылынын айыл башчысы Насыров Айтмамат, Сай айылынын башчысы Сыдыков Акундун 2015-жылдын аткарган иштери боюнча отчетунун жана Ылай-Талаа айылындагы таштанды төгүү үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 11-пунктуна, 20-беренесинин 13-пунктуна негиз Ылай-Талаа айылдык округунун айылдык кеңешинин он тогузунчу сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык аймагындагы таштандыларды чыгаруу боюнча айылдын батыш тарабындагы 9-бөлүмүндүн күмбөзүнүн жанынан 0,50 га жер аянтын, Сай айылынан дамбанын артынан 0,20 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Таштанды төгүү үчүн бөлүнүп берилген жер участогунун жердин категориясына экологиялык, санитардык талапка жооп берээрлигин тактап, мамлекеттик каттого алуу жагы Кара-Кулжа райондук «Жер кадстры жана жерге жайгаштыруу» башкармалыгынан суралсын.
3. Ташандыларды төгүүчү жайдын, тосмо курулуш иштерине архитектуралык пландоо документацияларын даярдап берүү жагы Кара-кулжа райондук «Шаар курулуш жана архитектура» башкармалыгынан суралсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык округунун айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратлышты коргоо курулуш транспорт, өнөр жай, соода ишмердүүлүк байланышы энергетика кайра иштетүү боюнча туруктуу коммиссиясына (төрагасы Ажимаматов У.) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |