Редакцияот 19.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин кезектеги ХX сессиясынын (V чакырылыш) жыйыны

 

2016-жылдын 19-июлу № 20/2

Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча аймактык тескөөчү тарабынан 2016-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн Ылай-Талаа айыл аймагы боюнча аймактык тескөөчүсү А. Бакировдунайыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча 2016-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөмаалыматынугупжанаталкуулапЫлай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн Ылай-Талаа айыл аймагы боюнча аймактык тескөөчүсү А. Бакировдунайыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча 2016-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктери менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.(тиркеме тиркелет)

2. ”Коомдук алдын алуу борборунун” ишин жандандыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү, комиссия мүчөлөрү менен коомчулуктун байланышын арттыруу аркылуу мал уурулукка бөгөт коюу, айыл аймагындагы соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууну, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин, тамеки заттарын сатууга тыюу салуу боюнча аракеттерди көрүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ш. Бекиевге, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн Ылай-Талаа айыл аймагы боюнча аймактык тескөөчүсү А. Бакировго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы К. Идирисов) тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Жолдошов