ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин кезектеги ХX сессиясынын (V чакырылыш) жыйыны
2016-жылдын 19-июлу № 20/3
Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн 2016-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн 2016-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө бөлүмдүн башчысы А. Мусаевдинмаалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы А. Мусаевдин 2016-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлыкэкендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, пенсия , пособияларды мөөнөтүнөн кечиктирбестен үйлөрүнө жеткирүү аркылуу таркатуу жана камсыздандыруу боюнча кабыл алынган жаңы Мыйзамдын негизинде жарандардын турак үйлөрүн камсыздандыруу боюнча элге маалыматтарды толук жеткирип бул багытта тиешелүү адистер менен биргеликте кечиктирилгис чараларды көрүү жагы Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы А. Мусаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин курулуш,транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы К. Абдраев) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |