Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 7/1
Сай айылындагы мурдагы Токтогул көчөсүнө (маркум) Исмаилов Акундун атын ыйгаруу жөнүндө
Сай айылындагы № 8-бөлүмүнүн жалпы жамаатынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 3-протоколунун жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сай айылындагы №8-бөлүмүнүн жалпы жамаатынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 3-протоколу бекитилсин.
2. Сай айылындагы мурдагы Токтогул көчөсү Исмаилов Акун атындагы көчө болуп аталсын.
3. Аты коюлган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы А. Исмаиловдун бир тууган агасыИсмаилов Эралиге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | Н. Жолдошов |