Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 7/4
Сай айылынын түндүк жагына түшө беришиндеги жолдун астын суу жеп кооптуу кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу жолду кеңейтүү максатында пландын негизинде жүрүп жаткан айылдын борбордук көчөсүнүн оңдоп түзөө жумуштарына керектүү өлчөмдө шагыл алуужөнүндө
Айыл аймагындагы Сай айылын селден сактоо сактоо үчүн курулган дамбаны 800 метрге узартуу боюнча Өзгөчө Кырдаалдар боюнча Министрлигинин планына киргизүү жыл сайын макулдашылып,улам кийинки жылга жылдырылып келип, натыйжада айылдын түндүк жагына түшө беришдеги жолдун астын суу жеп, жол түшүп калуу коркунучу жаралууда. Ал эми Сай айылынын борбордук көчөсүнүн 1,2 км бөлүгүн асфальтоо жумуштары Финансы Министрлигинин 2016-жылда бүткорүлүүчү титулдук тизмесине кирип, каржы маселеси чечилип, Кара-Кулжа райондук ДЭП-26 ишканасы аталган жолду оңдоп түзөө иштерин башташты.
Сай айылында 528 кожолукта 2617 адам жашап, калкынын саны жагынан Ылай-Талаа айылынан кийинки чоң калктуу конуштардан болгондуктан бул айыл менен жол байланышын көпчүлүк тургундар айрым учурда түнкү убактарда көп пайдаланышат жана аталган кооптуу жол менен каттоо адам өмүрүнө да коркунуч алып келүү мүмкүнчүүгү жогору. Себеби бул жолдон эки автоунаа сууга түшүп кетип,биринчисинде беш адамдын,экинчисинде эки адамдын өмүрүн алып кеткен кайгылуу окуя катталган.
Ошондуктан ушул мезгилде кооптуу жолду жогору жагынан кеңейтүү менен кошо Кара-Кулжа райондук ДЭП-26 ишканасына ал жерден Сай айылынын борбордук көчөсүнүн оңдоп-түзөө жумуштарына керектүү өлчөмдө шагыл алууга уруксат берүү аркылуу кооптуу деп эсептелген жолду оңдотуп алуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Жогорудагы белгиленгендерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер жана жер ресурстары” жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сай айылынын түндүк жагына түшө беришиндеги кооптуу деп эсептелген жолду кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жер жана жер ресурстары” жөнүндөгү Мыйзамынын талаптарын аткаруу менен ал жерден айылдын борбордук көчөсүн асфальттоо жумуштарына керектүү өлчөмдө шагыл алууга уруксат берүү аркылуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук уруксат берүү аркылуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук ДЭП-26 ишканасы менен макулдашууга жетишүү жагы Ылай-талаа Өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышн көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин агрардык ,азык-түлүк. Айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу ,жер жана ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У. Ажимаматов) тапшырыслсын.
Төрага | Н. Жолдошов |