Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 10
Чангет айыл өкмөтүнүн балансындагы фин.үйдү, элдин салымы катары курулуп жаткан вет.сервиске ажыратып берүү жөнүндө
Чангет айылдык кеңешинин 3-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын күн тартибиндеги 4-маселенин угуп жана талкуулап Чангет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн карамагындагы фин.үйдү курулуп жаткан вет сервиске элдин салымы катары ажыратылып берилсин.
2. 15 күндүн ичинде ажыратып Жайыт комитетине өткөрүп берүү жагы Чангет айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, энергетика, жер жана коммуникация боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдираимов |