Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 18
1015 га жайыт жерин Чангет а/ө өткөрүп берүү жөнүндө
Чангет айылдык кеңешинин 3-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын күн тартибиндеги 12-маселенин угуп жана талкуулап Чангет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет, Өстүрүү, Калта, Ачы жана КБФ нун айдоо, чөп ормо жана элдик конуштардагы жайгашкан 1015 га жер жайыт пайдаланууга ыңгайсыз болгондуктан Жайыт комитетинен Чангет айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. 1015 га жердин жер салыгы жайыт комитетинен кыскартылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, энергетика, жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Абдираимов |