Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-майы № 22/1
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Ак Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды. филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып. Ак Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын: Мамлекеттик тилде: Ак Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү - мекемеси. Расмий тилде: Учреждение - айыл өкмөт Ак Суу айылного аймака.
2. Ак Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин иштелип чыккан Жобосу бекитилсин.
3. Ак Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин башчысы Алымбек Халмуратов
4. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Лейлек району, Ак Суу айыл аймагы, Ак Суу айылы, Корук көчөсү, № 36.
5. Ак Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Халмуратовго жүктөлсүн.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын. ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага |
С. Асланкулов |