Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-майы № 22/2
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып. Ак Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын.
2. Мамлекеттик тилде: Ак Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши – мекемеси. Расмий тилде Учреждение - айылный кеңеш Ак Суйского айылного аймака.
3. Ак Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин - мекемесиинин иштелип чыккан регламенти бекитилсин.
4. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Лейлек району, Ак Суу айыл аймаг, Ак Суу айылы, Корук көчөсү, № 36.
5. Ак Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин - мекемесинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Халмуратовго жүктөлсүн.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын. ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | С. Асланкулов |