Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 7/2
Кабылан – Көл айыл өкмөтүнүн 2015 –жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылдын бюджетин бекитүү жана 2017 – 2018– жылдардын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан – Көл айыл өкмөтүнүн 2015 –жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылдын бюджетин бекитүү жана 2017 – 2018– жылдардын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп Кабылан – Көл айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан – Көл айылдык кеңешинин 2015 – жылга бюджетинин киреше бөлүгү 4681,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 4562,3 миң сомго башкача айтканда 119,6 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2016 – жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 4761,4 миң сомго белгиленсин. Анын ичинен толуктоочу грант 4043,3 миң сом, өздүк кирешелер 718,1 миң сомго белгиленсин.
3. 2017– жылдын бюджетинин долбоору 4487,7 миң сомго, анын ичинен: толуктоочу грант 3735,6миң сом, өздүк киреше 752,1 миң сомго 2018 – жылдын долбоору 4599,8 миң сомго анын ичинен: толуктоочу грант 3786,7 миң сом, өздүк киреше 813,1 миң сомго белгиленсин.
4. 2016-жылдын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тиркемелердеги эсептерге ылайык аныкталсын.
5. Айыл өкмөтүнүн ичинде, акча каражаты жетишпеген кээ бир статьяларга, башка статьялардан которуп жумшоо жана пландан ашыкча аткарылган акча каражатын муктаж болгон статьяларга бөлүп берүү айылдык кеңештин бюджеттик экономикалык туруктуу комиссиясынын макулдугу менен айылдык кеңештин чечиминин негизинде уруксат берилсин.
6. Айылдык кеңештин 2016– жылдагы бюджетинин сметасынын кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн ар бир статьясынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |