Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 7/3
Айыл өкмөтүнүн балансына кириштелбеген негизги каражаттардын баланска кириштелиши, авариялык абалдагы соц. объектилердин каражаттарын мыйзамдуу түрдө баланстан чыгарылышы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн балансына кириштелбеген негизги каражаттардын баланска кириштелиши, документи жок социалдык объектилердин документтерин тактоо, айрым эски авариялык абалдагы соц. объектилердин каражаттарын мыйзамдуу түрдө баланстан чыгарылышы жөнүндө талкуулап Кабылан – Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн балансына кириштелбеген негизги каражаттар баланска кириштелсин. айыл өкмөтүнө келген каражаттарды өз максатында пайдаланып, өз убагында айыл өкмөткө кириштеп тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н. Сагынбаевге тапшырылсын.
2. Документи жок социалдык объектилердин Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин жана Күнгөй баштооч мектебинин документтерин тактоо мектеп директорлоруна жүктолсүн. Тиешелүү документтерин тактап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасына сунуш кылынсын.
3. Айыл өкмөтүндө эскилиги жетип, авариялык абалдагы социалдык объектилердин каражаттары мыйзамдуу түрдө баланстан чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраг | У. Кадыркулов |