Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 7/4
Кабылан–Көл айылдык кеңешинин 2016–жылга перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө
Кабылан – Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2016 – жылга перспективалык иш планы бекитилсин.
2. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин перспективалык иш планында көрсөтүлгөн иш-пландардын аткарылышына жетишүү кеңештин туруктуу комиссияларына, депутаттарына кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |
“БЕКИТЕМИН”
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин
төрагасы____________ У. Кадыркулов
“______”____________2016-жыл
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылда социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын 2015-жылга аткарылышы. 2016-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планынын бекитүү жана 2017-2018- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө. Даярдайт: Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камилов
2. Кабылан – Көл айыл өкмөтүнүн 2014 –жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2015 – жылга маалымат. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга бекитүү жана 2017 – 2018– жылдардын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө.
Даярдайт: Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Сагынбаев.
3. Айыл өкмөтүнүн балансына кириштелбеген негизги каражаттардын баланска кириштелиши, документи жок социалдык объектилердин документтерин тактоо, айрым эски авариялык абалдагы соц. объектилердин каражаттарын мыйзамдуу түрдө баланстан чыгарылышы жөнүндө.
Даярдайт: Кабылан- Көл айыл өкмөтүнүн башчысы: Т. Камилов
4. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2016-жылга перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө Даярдайт: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: У. Кадыркулов
5. Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү кенештер айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүү жөнүндө
6. Ар түрдүү маселелер
1. Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектептериндеги 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайдын абалы жана Кабылан-Көл бала бакчасынын тамак ашынын сапатын кароо жөнүндө. Даярдайт: Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө жогорку органдардан келген документтердин, аттуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы жөнүндө
Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
3. Айыл аймагындагы жарандарга жер чектеп берүү жана КБФнын жерлерин арендага берүүнүн абалы жөнүндө.
Даярдайт: Жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясы
4. Элди жайлоого көчүрүүдөгү айыл башчыларынын аткарган иштери . Даярдайт: Жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясы
5. Ар түрдүү маселелер.
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтундөгү аз камсыз үй бүлөлөргө жөлөк пулдарды чектөөдө атайын түзүлгөн комиссиялардын жана жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам берүүдө айыл аймагынын тиешелүү кызматкерлердин аткарган иштери жөнүндө
Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
2. Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнун абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жөнүндө.
Даярдайт: Жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясы
3. Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана Кабылан-Көл бала бакчасынын жаңы окуу жылына даярдыгы ремонт иштеринин абалы жөнүндө.
Даярдайт: Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы
4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жарандардын паспорт алуудагы жана жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргүзүлуп жаткан иштери.
Даярдайт: Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы
5. Ар түрдүү маселелер.
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын, арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө.
Даярдайт: Бюджет , салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтундөгү Аксакалдар соту, Аялдар кенеши, Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар боюнча иштөөнүн абалы жөнүндө .
Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
3. Кабылан-Көл айыл өкмотундөгү калкты таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ишканасынын жүргузгөн иштери жөнундө.
Даярдайт: Саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы
4. Калкты пенсия ,пособия, газета , журналдар менен тейлөөдө почта кызматкерлеринин аткарган иштери жөнүндө
Даярдайт: Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
5. Ар түрдүү маселелер.
Кабылан-Көл айылдык
Кеңешинин төрагасы: У. Кадыркулов