Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 7/5
Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган салык кодексинин 337 – статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө башкача айтканда чөп чабынды жердин азыркы базалык ставкасы 1 га жерге 13.85 сом төлөнсө аны 3 эсеге көбөйтүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, талкуулоонун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйтүлсүн.
2. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйгөндүгү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөн баада салык жыйымдарын топтоо салык кызматкери К. Абжалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |