Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 8/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык жана элдик чогулуштардын протоколунун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII заседаниеси жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
2016 - жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү малдар - бир баш үчүн 50 сом;
кой - эчкилер - бир баш үчүн 10 сом; жылкылар - бир баш үчүн 50сом;
сырттан келген ири мүйүздүү малдарга-бир баш үчүн 200 сом;
сырттан келген кой - эчкилерге - бир баш үчүн 50 сом;
3. 2016-жылга аткарылуучу план 100000 (жүз миң) миң сом
4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланулуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |