Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-майы № 9/1
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин, бала бакчанын шашке чайынын жана тамак ашынын сапатын кароо жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү № 25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күңгөй башталгыч мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапатын карап жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү № 25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күңгөй башталгыч мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапатын кароодо айрым кемчиликтерди эске алынсын.
2. Аталган мектептердин берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапаттуулугуна көңүл буруу жана камкордуктарды көрүү жагы мектеп директорлору З. Абдыкадыровага жана А. Раимбековго, бала бакча башчысы К. Жумалиевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго Кабылан-Көл айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |