Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-майы № 9/3
Турак жай салуу үчүн жер сурап кайрылган атуулдардын арыздарын канааттандыруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнө жер чектеп берүү боюнча жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде жер берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын сунушун карап чыгып, Кабылан–Көл айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай салуу үчүн жер сурап кайрылган төмөндөгү атуулдардын арыздары боюнча турак жай салуу үчүн жер бөлүнүп берилсин
1. Кадыркулов Жоодар 9 Эркебаев Жамалбек
2. Кадыркулов Максат 10 Каримбаев
3. Кадыров Дастан 11. Кадыркулов Жолборс
4. Жунус уулу Жакшылык 12. Садиров Стал
5. Абылаев Дамир 13. Асанов Мирбек
6. Капаров Асилбек 14. Качыбек уулу А
7. Кадыров 15. Тажибаев Азамат
8. Абылаев Алтынбек 16. Дүйшөбаев Уларбек
2. КБФнын жерлери мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жарандарга арендага берилген жерлерге келишим түзүү жер адиси С. Сактановго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |