Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-майы № 9/4
Айыл башчыларынын элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн айыл башчылары Акылбеков Абдибаит жана Ташполотов Канаттын “Элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери” боюнча талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач, Күңгөй айылдарынын айыл башчысы Акылбеков Абдибаиттин элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жакшы деп табылсын жана Кабылан-Көл, Курулуш айылдарынын айыл башчысы Ташполотов Канаттын элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштеринде кемчиликтери белгиленсин.
2. Айыл башчыларга калган элди жайлоого көчүрүүгө бир жума мөөнөт берилсин. Айылдык депутаттардын катышуусу менен белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүлсүн.
3. Айыл башчылардын ишин көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Т. Камиловго жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |