Редакцияот 13.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы

 

2016-жылдын 13-майы № 31/4

   Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү жер участокторун берүү боюнча комиссиянын тобун түзүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь айынын № 571 ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү жер участорун берүү боюнча комиссиянын тобун түзүү максатында жана айылдык депутаттардын маалыматтарын угуп, талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин кезексиз сесиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү жер участокторун берүү боюнча төмөндөгүдөй топто комиссия түзүлсүн.

2. Комиссиянын төрагасы - Алмамбетов Эсенбек – айылдык кеңешинин депутаты, Дөбөлү айыл аймагынын жер жана турак жай комиссиясынын төрагасыны.

Комиссиянын мүчөлөрү – Аттокуров Абдыбек - айылдык кеңешинин депутаты.

       - Токталиев Бердибек - Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси.

       - Султанов Жаныбек - айылдык кеңешинин депутаты,  Дөбөлү айыл аймагынын жер жана турак жай комиссиясынын мүчөсү, жайыт комитетинин төрагасы.

       - Курманов Жыргалбек – кеңеш айыл башчысы.  

3. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Сейил-Булак» аймагындагы соода-сатык жер участкасын АУКЦИОН аркылуу өткөзүү жана Дөбөлү айылын чыгыш тарабындагы эски карьердин ордуна бак-дарак тигип, эс – алуу жайына которуп, көп жылдык ижарага берүү боюнча комиссияга тапшырылсын.  

 

Төрага

 К. Исаков