Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-майы № 31/5
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган Экскаватор, Шестерна Сеялканын элге кызмат кылгандыгы үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган Экскаватор, Шестерна, Сеялкалардын элге кызмат кылгадыгынын негизинде бюджетке акча каражатын түшүрүү боюнча бир жылга ижара акысын бекитип берүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовдун сунушунун негизинде Дөбөлү айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айылынын тургуну Э. Камбаров Экскаватор менен элге кызмат кылып, иш жүргүзгөндүгү боюнча бир жылга ижара акысы 10000(он миӊ) миң сом болуп бекитилип берилсин.
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган 5(беш) шестернаны Дөбөлү айыл аймагынын тургундары пайдалангандыгы үчүн бир жылга 2000(эки миӊ) сом болуп бекитилсин.
3. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган сеялканы элге кызмат кылып жүргөн Дөбөлү айылынын тургуну Уланбек уулу Жолдошбекке бир жылга 5000 (беш миӊ) аренда акысы бекитилип берилсин.
3. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган Экскаватор, Шестерна, Сеялканын аренда акылары жергиликтүү бюджетке түшүрүлсүн.
4. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган Экскаватор, Шестерна, Сеялканын аренда акылары жергиликтүү бюджетке түшкөндүгү боюнча маалымат берип туруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлумүнүн башчысы Э. Турганбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Исаков |