Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июну №32/1
2016-жылы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен «Небере-Келечеги» балдар бакчасына бөлүнгөн акча каражатын жасала турган зарыл иштерге бөлүштүрүү жөнүндө
Ага-Хан эл аралык уюму тарабынан айылды колдоо максатында балдардын келечеги үчүн, тандалып алынган айылдарга конкурс жарыяланып, конкурста утушка ээ болсо өздүк салымы бар болсо пайдубалынан бери тургузуу шарттары коюлган, жыйынтыгында утушка ээ болобой, 2016-жылы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен «Небере-Келечеги» балдар бакчасына бөлүнгөн 605,0 мин сом акча каражатын жасала турган зарыл иштерге бөлүштүрүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовдун сөзүн угуп, Дөбөлү айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евро-Союз биримдигине өтүп, талаптарына туура келтирип, алдын алуу иштерине кам көрүүдө, айыл тургундарын малдары өз убагында ветеринадык кароодон өткөрүп туруу боюнча Дөбөлү айыл аймагына ветеринардык клиника курууга 350,0 миӊ сом бөлүнсүн.
2. Небере-Келечеги балдар бакчасына кир жуучу жана от казанын жасатууга 150,0 миң сом бөлунсүн.
3. Бала-Нур балдар бакчасына эшик, терезелерине жана суу киргизүүгө 100,0 миң сом бөлүнсүн.
4. Тиешелүү докменттер менен иш алып баруу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаева милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Исаков |