Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын I-сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 1/4
Кенештин карамагына тиешелүү болгон маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн кенештин негизги структуралык органдары болгон Айылдык кенештин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө
Күнтуу айылдык Кенешинин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдыкКенешинин туруктуу комиссиялары төмөнкүдөй болуп бекитилсин;
1) Пландоо, бюджет, экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу;
2) Айыл чарба, жер жана аграрадык саясат, экология, айлана-чөйрөнү коргоо,өзгөчө кырдаалдар боюнча;
3) Билим берүү жана дин иштери, саламаттыкты сактоо, маданият маселелери, спорт, туризм,жаштар саясаты, мыйзамдуулук, депутаттардын этикасы, мыйзамдуулук жана кайрылууларды кароо боюнча комиссия.
2.Жогоруда бектилген туруктуу комиссиялардын ар бирине тиешелүү адистиги жана иш тажрыйбасы бар депутаттар бөлүштүрүлүп Кенештин жана кенештин төрагасынын тапшырмаларын аткаруу, Кенешке келип түшкөн жарандардын сунуштарын, арзыдарын, даттанууларын карап чыгууга, келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга жоопторду белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттендирилсин.
1. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
2. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |